2026-жылдын 10-апрель күнү математика жана информатика институнда “Климаттын өзгөрүшү жана анын абага,сууга,кыртышка тийгизген таасирин изилдөөнүн жана тобокелдиктерди баалоонун дисциплиналар аралык ыкмалары” аталышындагы тегерек үстөл КУУнун 6-окуу имаратынын 113а-аудиториясында Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институнунун өкүлдөрүнүн, институттун профессордук-окутуучулар курамы,студенттер жана чакырылган коноктордун катышуусунда болуп өттү.
Жыйынды колдонмо информатика билим берүү программасынын жетекчиси ф.-м.и.д., профессор Бекжан Темиров ачып, куттуктоо сөздү Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары Бакытбек Иманалиевге берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Анара Зарипованын “Оптимизация и управление контроля загрязнения качества воды для построения региональных моделей водных экосистем на основе машинного обучения» темасындагы жасаган баяндамасы угуучулар арасында зор кызыгууну жаратып,берилген суроолорго таамай жооптор берилди.
Колдонмо информатика билим берүү программасынын доценти Шаршенбек Жусупкелдиев “2022-2025-ж.ж. аралыгындагы Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл ойдуңунун абасынын сапаты боюнча маалыматтар” темасындагы баяндамасында IoT технологиясынын колдонулушу боюнча, микроөлчөмдүү бөлүкчөлөрдүн күз жана кыш мезгилиндеги консентрациясы нормадан жогору болгон учурда смог пайда болоорун, зыяндуу бөлүкчөлөрдүн абада болушуна себепкер болуп,катуу отундун жана унааларга колдонулуп жаткан майлардын сапаты таасир берерин, абанын сапатынын начар болушуна жалпы эле калаада жашаган жарандардын экологияга кайдыгер мамиле кылуусу, Бишкек шаарына жаш бактарды отургузуу керек экендиги, анткени 40% (пайыз) эски бактар оорулуу болуп көмүр кычкыл газын сиңирүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе экендиги тууралуу маалыматтарды кереге кеңештин катышуучуларына кеңири айтып берди.
Илимий жыйындын катышуучулары бүгүнкү жандуу өткөн илимий чогулушта Ысык-көл ойдуңунун жана Бишкек шаарынын абасындагы климат түзүүчү газдар жана бөлүкчөлөр, КР илимий климаттык изилдөөлөрдүн азыркы абалы,парник газдар атмосферада болуп, бул газдар көбөйүп кетсе—климат жылып аба-ырайы өзгөрүп, глобалдык жылуулук өсүп, мөңгүлөр эрип,климаттык өзгөрүүлөр болуп, катастрофалардын пайда болушуна шарт түзүлүп, экосистемаларга жана адамзаттын жашоо турмушуна олуттуу зыян алып келери тууралуу түшүнүк алышты.
Өтүлгөн дарстар катышуучулар тарабынан жогору бааланып, илимий кеңешменин уюштуруу комитетинин төрагасы профессор Бекжан Кайыпбекович, суунун сапатынын булгануусун көзөмөлдөөнү оптималдаштыруу боюнча маалымат берген х.и.д. , профессор Анара Зариповага , КРнын ТӨМ багыттарына IT технологияларын колдонуу тууралуу сабаттуу түшүнүк бергени үчүн ф.-м.и.к. , доцент Шаршенбек Жусупкелдиевге ыраазычылык билдирип, аларга мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүктөрүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.
Бүгүнкү тегерек үстөлдө, КУУнун математика жана информатика институту менен Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун ортосунда биргелешкен:”Абанын,суунун,кыртыштын сапатын дисциплиналар аралык изилдөө,тобокелдиктерди баалоо жана моделдөө” лабораториясынын ачуу долбоору жана анын жобосу талкууланып, жыйынтыгында төмөкүдөй резолюция кабыл алынды:
- эки уюмдун ортосунда илимий долбоорду ишке ашыруу максатында ачыла турган лабораториянын жобосу талкууланып бекитилсин.
- лаборатория КУУнун базасында ачылсын жана коомдук башталышта иш алып барсын.
- лабораториянын базасында берилиштердин базасы түзүлсүн.
- биргелешкен илимий долбоор иштеп чыгуу.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент