2026-жылдын 26-мартында Чет тилдер институтунда «Франкофонияны өнүктүрүүдө кыргыз аялдарынын ролу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргызстанда франкофонияны өнүктүрүү, эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана билим берүү менен маданият тармагындагы аялдардын ролун чыңдоо маселелерине арналды.
Катышуучуларды Чет тилдер институтунун директору Уметов Кенжебай, ошондой эле Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай куттуктоо сөздөрү менен ачышты. Эл аралык кызматташуунун алкагында Erasmus+ программасынын Пуатье университетиндеги координатору сөз сүйлөдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө окутуучулардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн жана практиктердин баяндамалары угулуп, актуалдуу темалар кеңири талкууланды. Айрыкча кыргыз аялдарынын француз тилин окутуудагы ролу, эл аралык билим берүү долбоорлоруна катышуусу жана франкофон маданий мейкиндикти өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары 4-курстун студент кыздары франкофониянын азыркы дүйнөдөгү орду жана мааниси тууралуу презентация сунушташты.
Ошондой эле Кыргыз-Европа факультетинин окутуучусу Талипова Рано Ахмедовна француз тилинин жана франкофон билим берүү мейкиндигинин өнүгүүсү боюнча баяндама жасады. Журналист жана окутуучу Джамбы Жусубалиева Франция менен Кыргызстандын ортосундагы маданий диалогду кино тармагында талдап берди.
Катышуучулар Кыргыз Республикасы менен франкофон өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешип, жаштар үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анын ичинде заманбап санариптик технологияларды колдонуу зарылдыгын белгилешти.
Иш-чара жыйынтык чыгаруу, мындан аркы кызматташуу перспективаларын талкуулоо жана тажрыйба алмашуу менен жыйынтыкталып, тегерек стол расмий түрдө жабылды.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары