2026-жылдын 26-мартында Кыргыз улуттук университетинде «Жоогазын» аттуу жарнама жана коомчулук менен байланыш (PR) боюнча улуттук фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Эл аралык деңгээлде уюштурулган бул иш-чара чыгармачыл жаштарды, кесипкөй адистерди жана медиа тармагындагы өкүлдөрдү бириктирген маанилүү аянтча болуп саналат.

Фестивалды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, иш-чаранын негизги максаты – өлкөдөгү жарнама жана PR индустриясын өнүктүрүү, жаш адистерди колдоо жана сапаттуу контент жаратууга шыктандыруу экенин белгиледи жана бардык катышуучуларга ийгилик каалады.  

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк бүгүнкү фестивалга белгилүү чет элдик жана жергиликтүү жогорку окуу жайлар катышып жатканын, анын алкагында тажрыйба алмашуу, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларын айта кетти. 

Ачылыш аземинде о.э. Алтай мамлекеттик университетинен Алла Ковалева, Кыргыз-түрк «Манас» университетинен Гүлзада Станалиева, өнөктөштөр: Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев жана «BiExpo» эл аралык көргөзмө компаниясынын директору Виктор Линовицкийлер сөз сүйлөштү. Алар фестивалдын маанисине токтолуп, бул тармактагы инновацияларды өнүктүрүүдө жана жаштардын потенциалын ачууда чоң роль ойной турганын белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө фестивалга катышуучу командалар видеовизиткалары менен тааныштырышты. Көпчүлүгү учурдагы актуалдуу темаларга: жашыл экономика, жер, жасалма интеллект, таштандыга байланышкан багыттарды тандашкан.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, PRaspekt реклама агенттиги жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ), Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, ARAKET бизнес-мектебинин жана Алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борборунун («Чоң Алтай») колдоосу менен уюштурулган фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын университеттеринен 100дөн ашык студент жана команда катышууда.

Фестивалга катышып жаткан университеттер:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  • Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети
  • Ала-Тоо эл аралык университети
  • Бишкек гуманитардык университети
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • Ош мамлекеттик университети
  • Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети
  • Nomad колледжи
  • Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети
  • Алтай мамлекеттик университети
  • Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети
  • Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети
  • С.П.Королёв атындагы Самара улуттук изилдөө университети
  • Борбордук Азия эл аралык университети
  • М.Ф.Решетнёв атындагы Сибирь мамлекеттик университети

Белгилей кетсек, «Жоогазын-2026» фестивалы 28-мартка чейин уланып, анын алкагында ар түрдүү мастер-класстар, тренингдер, кейсттерди чечүү жана панелдик талкуулар уюштурулат.  

Добавить комментарий