2026-жылдын 24-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында И.Исамидинов атындагы педагогикалык институт тарабынан «Элдердин достугу, ар улут-бир жүрөк, бир максат» аталышындагы маданий оюн-зоок таймашы өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — улуттар аралык достукту чыңдоо жана тынчтыкка үндөө болду.
Таймашка жалпысынан 9 тайпа катышып, Япония, Өзбекстан, Корея, Индия, Египет, Улуу Британия, Бириккен Араб Эмираты, Грузия, Испания өлкөлөрүнүн атынан өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жаштар саясаты жана спорт департаменти менен Кыргыз-кытай институтунун өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу катышуучуларга баа берип, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Биринчи орун Индияны тааныштырган тайпага, экинчи орун Египетти, ал эми үчүнчү орун Японияны тааныткан тайпага ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө грамота жана белектер тапшырылды. Сыйлыктар о.э. ар кандай номинация боюнча утуп чыккандарга да берилди.
(С) Сейталиев Максат — директордун тарбия иштери боюнча орун басары