2026-жылдын 23-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Алтай мамлекеттик  университетинин тарых жана эл аралык  мамилелер институтутунун директору Иван Назаров менен  жолугушту.

Тараптар эки окуу жайдын көп жылдык жемиштүү кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча студенттер менен окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк жана кош дипломдуулук программаларын кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык деңгээлдеги конференцияларды уюштуруу боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки университеттин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюлду. Макулдашууга ылайык, тараптар билим берүү, илим жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү багытында биргелешкен иштерди жүргүзүшөт.

Догдурбек Чонтоев менен Иван Назаров бул келишим достук мамилелерди бекемдеп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Добавить комментарий