2026-жылдын 18-мартында Кесиптик колледждин көп тармактуу адистиктер бөлүмүндө «Инклюзив коом жана тең мүмкүнчүлүктөр» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара «Теңсиздикти кыскартуу» багыты боюнча уюштурулду. Жолугушуунун негизги максаты – коомдун бардык мүчөлөрү үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле ар түрдүү кесиптик тармактарда инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө  «Социалдык иш» багытындагы 1,2,3-курсттун студенттер баяндама, презентация жана аналитикалык билдирүүлөр менен чыгып, социалдык инклюзия, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, ишке орношуу жана калктын аярлуу катмарларын социалдык колдоо маселелерин кеңири чагылдырышты. Өзгөчө көңүл социалдык тармактагы адистердин инклюзив коомду калыптандыруудагы ролуна бурулду.

Катышуучулар өз ара пикир алмашып, жеткиликтүү чөйрөнү түзүү, толеранттуулукту өнүктүрүү жана кесиптик ишмердүүлүккө инклюзивдүү ыкмаларды киргизүү боюнча практикалык сунуштарын беришти.

Мындай иш-чаралар студенттердин социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга, гуманисттик баалуулуктарды калыптандырууга жана ар бир адам үчүн тең укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгүн аңдоого өбөлгө түзөт.

Кесиптик колледж мындан ары да Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында инклюзивдүү жана адилеттүү коомду түзүүгө багытталган иш-чараларды улантат.

(С) Бакытбек кызы Аида — көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн окутуучусу

Добавить комментарий