2026-жылдын 19-март кунү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Албаниянын Тирана университетинин профессору Мило Петрак мырзаны кабыл алды.

Жолугушууда тараптар билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Мило Петрак мырза 15-марттан 22-мартка чейин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине расмий чакыруу менен келип, бир катар жолугушууларды өткөрдү жана 3-курс студенттерине салык системасы боюнча лекцияларды окуду.

Сабактардын жүрүшүндө профессор студенттерге заманбап салык системаларынын негиздери, туруктуу экономикалык өнүгүүдөгү салык саясатынын мааниси, эл аралык тажрыйба, экологиялык жана социалдык жоопкерчиликти эске алган салык механизмдери, о.э. Европа өлкөлөрүндөгү туруктуу өнүгүүдө салык саясатынын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Профессор эл аралык тажрыйбага таянып, туруктуу өнүгүү максаттарына, өзгөчө №17 максатынын бюджет, каржы маселелерине жетүүдөгү салык инструменттеринин ордун белгиледи. Сабактар интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, талкууларга активдүү катышышып, өз билимдерин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чара студенттердин кесиптик билимин тереңдетүүгө, о.э. эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө чоң салым кошту. Мындай лекциялар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Албаниялык профессордун иш сапары о.э. маданий иш-чаралар менен коштолду. Анын алкагында конокко кыргыз элинин маданияты, салт-санаалары жана улуттук баалуулуктары тааныштырылып, достук жана маданий алмашуу атмосферасы түзүлдү.

Профессор Мило Петракка факультет менен университеттин атынан ыраазычылык кат, белектер тапшырылды. Бул анын билим берүү тармагына кошкон салымы жана студенттер менен болгон активдүү ишмердүүлүгү үчүн жогорку баа болуп саналат.

Факультет жетекчилиги профессор Мило Петракка жогорку деңгээлдеги лекциялары үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Бул иш-чара факультеттин эл аралык байланыштарын чыңдоого жана студенттердин сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түздү.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары 

Ректор менен жолугушуу

Лекциялар жана маданий иш-чаралар

Добавить комментарий