2026-жылдын 17-мартында Борбордук Азия университетинин кооперативдик билим берүү программасынын жетекчиси, Миннесота университетинин магистри жана Чет тилдер институтунун бүтүрүүчүсү Каримов Мырзарахман Мырзакаримович Чет тилдер институтунун студенттери үчүн конок лекция өткөрдү.
Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ-ЦУР 4, 5, 10, 16) алкагында уюштурулуп, тил үйрөтүүнүн заманбап ыкмаларына, ошондой эле эффективдүү резюме жана мотивациялык кат (SOP) жазуунун жолдоруна арналды. Лекция англис тилинде өтүп, студенттерге документтерди туура даярдоо, мотивациялык кат жазуу жана эл аралык билим берүү программаларына катышууга даярдануу боюнча маанилүү маалыматтар берилди.
Мырзарахман Каримов өзүнүн бай тажрыйбасына таянып, чет өлкөлүк университеттерге тапшырууда жана академиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда зарыл болгон практикалык кеңештери менен бөлүштү. Студенттер лекцияны чоң кызыгуу менен угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты. Жолугушуу жандуу талкуу форматында өтүп, активдүү катышкан студенттерге лектор тарабынан эстелик белектер тапшырылды.
Лекциядан кийин М.К. Каримов институттун окутуучулар жамааты менен жолугушуп, билим берүүнүн актуалдуу маселелери, стартап долбоорлор, 12 жылдык билим берүү системасы жана чет тилдерди окутуунун натыйжалуу усулдары боюнча пикир алышты. Талкуу жогорку деңгээлде өтүп, мындай иш-чаралардын маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.
Аталган лекция студенттер үчүн пайдалуу жана шыктандыруучу болуп, алардын академиялык жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Мындай жолугушуулар студенттердин эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун арттырууда маанилүү роль ойнойт.
Белгилей кетсек, Мырзарахман Мырзакаримович 25 жылдан ашуун педагогикалык тажрыйбага ээ. Эл уюмдар менен кызматташып, билим берүү, жарандык коом жана шайлоо процесстери багытындагы долбоорлорду жетектеп, КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамын иштеп чыгууга катышкан.
(С) Самсалиев А.М. — Чет тилдер институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары