2026-жылдын 9-мартында Кыргыз филологиясы факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу жарлыгына ылайык кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган «Улуттук идеология кыргыз адабиятында» аттуу студенттик тегерек стол болуп өттү.
Иш-чараны кафедра башчысы Курманбек Абакиров ачып, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеевге сөз берди.
Андан соң студенттер төмөндөгү баяндамаларды жасашты:
- 4-курстун студенти Азамат кызы Зейнеп «Жазуучу Т.Шайдуллаеванын аңгемелериндеги элдик нарктуулуктун орду» (даярдаган: доцент Б.А.Баймырзаев)
- 2-курстун студенти Камбарова Чынара “Манас” эпосундагы баалуулуктар улуттук идеологиянын түпкү булагы» (даярдаган: доцент Н.Ш.Турдубаева)
- 3-курстун студенти Кудайбергенова Жасмина «Н.Байтемировдун “Санта” романындагы нравалык маселелер» (даярдаган: ага окутуучу М.Э.Сатыбеков)
- 3-курстун студенти Анарбекова Ибадат «А.Өмүркановдун поэмаларында улуттук аң-сезимдин көркөм чагылдырылышы» (даярдаган: доцент С.Н.Исаева)
- 3-курстун студенти Асан уулу Нурсултан «Тарыхый эс-тутум, адамзат баалуулуктары “Манас” эпосунда жана жазуучу Ч.Айматовдун көркөм дүйнөсүндө» (даярдаган: доцент Г.К.Исмаилова).
Андан кийин студенттер менен улуттук идеология боюнча суроо-жооп болуп, жигердүү катышкан жана баяндама жасаган студенттерге КУУнун ректору, профессор Д.Т.Чонтоевдин атынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
(С) Искендерова Нурдаана — Кыргыз адабияты кафедрасынын лаборанты