Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында География, экология жана туризм факультетинде 2026-жылдын 5-мартында семинар уюштурулду. Семинардын темасы  аталган жарлыктын V багыты “Кыргыз жери” болду. Иш чарага факультеттин студенттери, ага-окутуучулук курамы жана коноктор катышты.

Иш чаранын катышуучулары: топонимист, картограф Эшенкулов Темиркул кыргыз жеринин географиялык аталыштарынын топонимикасы боюнча терең, жеткиликтүү маалымат берди.

NABU – эл аралык жаратышылшты коргоо уюмунун өкүлү Казакбаева А.М. «Ак илбирс – кыргыз жеринин мурасы» темасында презентация, викторина тартуулады.

География, экология жана туризм факультетинин туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Чунгулов Ж.К. “Кыргыз жери көчмөндөрдүн мекени” деген темада кеңири дарс-баяндама берди.

4 курстун Г(б)-1-22 студенти Нурлан к Дилназ «Кыргыз жери» аттуу презентация тартуулады.

Уюштуруучулар: физикалык жана экономикалык география кафедрасынын ага окутуучулары Жакияева М.А., Жолочиева Э.Т.

(С) Жолочиева Э.Т. — физикалык жана экономикалык география кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий