2026-жылдын 5-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата уюштурулган иш-чара болуп өттү. Жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, окутуучулар жана студенттер катышты. 

Иш-чараны илимий иштер боюнча проректор Мырзабек уулу Камчыбек ачып, Улуттук университеттин жалпы жамаатын Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнү менен куттуктап, кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпак – ата-бабадан калган ыйык мурас, улуттун ар-намысынын жана биримдигинин символу экенин жана улуттук кийимдерди урматтоо, салт-санааны сактоо жана аны жаш муундарга жеткирүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз экендигин баса белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуттук кийимдерди кийип, кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган көркөм номерлерди көрсөтүштү. Аянтчада ыр-бийлер аткарылып, майрам шаңдуу маанайда өттү.

Мындай иш-чаралар улуттук маданиятты даңазалап, жаштардын мекенчилдик сезимин күчөтүп, кыргыз элинин бай мурасын урматтоого үндөйт. Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнү университет жамааты үчүн биримдиктин, сый-урматтын жана улуттук сыймыктын белгиси болгон майрам катары жогорку деңгээлде белгиленди.

Белгилей кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыгып, Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен «5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү» катары жарыяланган.

(с) Абдыбекова Айжан-Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчы

Добавить комментарий