2026-жылдын 4-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректору Алайбек Шамшиев Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору Куляш Байгабулова, А.Байтурсынулы атындагы Костанай аймактык университетинин ага окутуучусу Жанара Тастемирова жана Коркут ата атындагы Кызылордо университетинин докторанты Карлыгаш Койшыбаеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана маалымат алмашуу багытында жемиштүү кызматташууну улантуу маселелери талкууланды.

Алайбек Шамшиев университеттин тарыхы, өлкөнүн илим-билим тармагындагы өзгөчө орду, калыптануу этаптары, илимий мектептеринин өнүгүшү жана эл аралык байланыштары тууралуу маалымат берип, бүгүнкү күндө билим берүүнүн сапатын жогорулатууда дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Проректор о.э. академиялык мобилдүүлүктүн студенттер менен окутуучулардын кесиптик жана инсандык өсүшүндөгү ролуна өзгөчө көңүл буруп, эл аралык алмашуу программалары тажрыйба топтоого, жаңы илимий багыттарды өздөштүрүүгө жана билим берүү системасын жаңылоого өбөлгө түзөөрүн, илимий коллаборацияны чыңдоо, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эл аралык долбоорлорго активдүү катышуу университеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырарын билдирди.

Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору Куляш Байгабулова эки университеттин ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп келе жатканын, бүгүнкү күндө биргелешкен билим берүү демилгелери ишке ашырылып, кош диплом берүү программалары жана академиялык мобилдүүлүк программалары активдүү иштеп жатканын канааттануу менен айтты жана мындай программалар студенттерге эки тараптын билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга, эл аралык тажрыйба топтоого жана атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанууга шарт түзөрүн баса белгиледи.

Жолугушууга А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун директору Меримкуль Керимкулова, «Менеджмент» билим берүү программасынын доценти Фатима Насырова, Академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова катышты.

(С) А.Сопонова — академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортто жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий