2026-жылдын 25-февралында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А.Р.Жусубалиев, философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы А.Т.Качкынова жана доцент Э.Дж.Апсаматова Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган «Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн бекемдөө жана улуттук биримдикти өнүктүрүү: КР БШКнын Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун тажрыйбасы жана келечеги» аттуу тегерек столго эксперттик топтун мүчөсү катары катышып келишти.

Иш-чара КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» Уңгужолунун жоболорун ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун программасына ылайык, катышуучулар БШКнын Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун калк арасында жарандык иденттүүлүктү бекемдөө боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларын талдап чыгышты. Негизги басым аймактардагы аялдардын жана жаштардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө жасалды.

Талкуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй стратегиялык суроолор көтөрүлдү:

  • жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктар;
  • ведомстволор аралык кызматташтыктын туруктуулугун камсыз кылуу;
  • жарандык аң-сезимдин деңгээлинин шайлоолорго катышуу активдүүлүгүнө тийгизген таасири.

СГИИ директору А.Р.Жусубалиев дискуссиянын алкагында «Калктын социалдык дифференциациясы жана кыргыз коомун консолидациялоо көйгөйлөрү» аттуу баяндама жасап, акыркы социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктарын сунуштады. Эксперттер белгилегендей, бүгүнкү күндө атүгүл академиялык чөйрөнүн ичинде да «Кыргыз жараны» концепциясы тууралуу маалымдуулук төмөн деңгээлде калууда. Бул өз кезегинде концепцияны ишке ашырууда үстүртөн эмес, тереңдетилген илимий жана системалык мамиленин зарылдыгын айгинелейт.

Катышуучулар белгилегендей, жарандык иденттүүлүктү бекемдөө процесси бир гана маалыматтык кампаниялар менен чектелбестен, мамлекеттик органдар менен илимий чөйрөнүн тыгыз байланышында жүрүшү керек. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча жетишилген натыйжалардын туруктуулук механизмдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштар кабыл алынды.

(С) Э.Дж.Апсаматова — философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти

Добавить комментарий