2026-жылдын 26-февралында башкы имаратагы чоң жыйындар залында «Глобалдык акча жумалыгынын» алкагында КУУнун инвестиция бөлүмү менен «KICB» банкы биргеликте уюштурган ачык лекция болуп өттү.

Студенттердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлгөн иш-чарага 200дөн ашуун студент катышты.

Жыйынды КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова ачып, окуу планынан тышкары өткөрүлгөн бул форматтагы жолугушуулар студенттердин профессионалдык өсүшү үчүн маанилүү экендигин жана теориялык билимди тажрыйба менен айкалыштырууга чоң өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Ачык лекциянын башкы спикери катары «KICB» банкынын касса башчысы Айжан Маманова чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө акчаны туура башкаруу, инвестициялоонун маанилүүлүгү жана санариптик банктык кызматтарды коопсуз колдонуу боюнча практикалык кеңештерин берди. Студенттер каржылык пландоо боюнча кызыктуу суроолорун берип, реалдуу кейстер аркылуу маанилүү маалыматтарды алышты.

Лекцияга Экономиканын жогорку мектебинин, А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун, Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин жана Кыргыз-европа факультетинин студенттери катышты.

Бүгүнкү иш-чара университет менен банк секторунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, студенттердин заманбап экономикалык шарттарга ыңгайлашуусуна багытталган маанилүү кадам болду

Эскерте кетсек, «Глобалдык акча жумалыгы» (Global Money Week) — бул дүйнө жүзү боюнча жаштардын каржылык маданиятын калыптандыруу максатында жыл сайын өткөрүлүүчү кампания.

(С) Мелис кызы Аяна — маркетинг боюнча башкы адис

Добавить комментарий