2026-жылдын 26-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын илимий өңүттө талдоого жана кыргыз-казак адабий алакаларын чыңдоого арналган «Чыңгыз Айтматов: кыргыз жана казак адабий байланышы» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.
Кыргызстандан жана Казакстандан келген окумуштуулар, филологдор жана окутуучулар катышкан жыйынды КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, профессор Назаркул Ишекеев ачып, Айтматов мурасынын түрк дүйнөсүндөгү ордуна токтолду.
Тегерек столдо филология илимдеринин докторлору, профессорлор Курманбек Абакиров, Садык Алахан, Гүлжамал Жаманкулова, Жумаев Мырзабек жана п.и.к. Бектурсун Байсабаев, Болот Оторбаев, Бурул Элебесова жана казак окумуштуулары, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин доценти Ботакөз Тлеубекова, академик С.Кирабаев атындагы Казак адабияты жана окутуу адистиги кафедрасынын ага окутуучулары Шоканхан Куттыбаев, Адилжан Асанали жана Эдилхан Өмиртай баяндама жасап, жазуучунун көркөм мурасы, аңгеме жанрындагы чеберчилиги, чыгармаларындагы адам жана табият маселеси, этнография жана мифопоэтика, трагедиялык санаа, согуш темасы, символикалардын трансформациясы сыяктуу актуалдуу багыттар талкууланды.
Боордош элден келген өкүлдөр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Казак улуттук педагогикалык университетинде кеңири окутулуп, дипломдук иштер жазылып, PhD докторанттар тарабынан илимий жактан изилденип жатканын белгилешти.
Тегерек стол илимий дискуссия, суроо-жооп жана пикир алмашуу менен коштолуп, жыйынтыгында эки элдин руханий алакаларын тереңдетүү жана Айтматов мурасын окутууну өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга мазмундуу илимий аянтча болду.
(C) Д.Мырзагулова – КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы