Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценттери Назгүл Турдубаева менен Сайрабүбү Исаева 2026-жылдын 18-февралында 21- февралда белгилеүүчү Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Кыргызстан эл аралык университетинде өткөрүлгөн “Улуттук өнүгүүнүн уңгу жолу — кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар мурасы” аттуу кереге кеңешке катышты.
КУУнун доценттери аталган иш чарада кыргыз элинин ата-бабаларынын калтырган тарыхый издерин терең билүүдө жана улуттук баалуулуктарын даңазалоодо, аны терең үйрөтүүдө алдыда жасай турган тарбиялык иштердин багыттары тууралуу ой пикирлерин билдиришти.
(С) Назгүл Турдубаева — кыргыз адабияты кафедрасынын доценти