2026-жылдын 19-февраль күнү математика жана информатика институтунун студенттик активи директордун тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкуловдун жетекчилиги астында КУУнун ботаникалык багында жайгашкан “Билим Бишкек” инновациялык борбору менен таанышып, ушул жылдын сентябрь айында Түркиянын Шанлыурфа шаарында өтө турган “TeknoFest” фестивалы тууралуу кеңири маалымат алышты.

Аталган борбордун директору Санжар Алтымышов белгилегендей, бул борбор 2024-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУ, ТИКА, Кыргызпатент жана Түркиянын Т3 фонду менен түзүлгөн келишимдин негизинде, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын катышуусунда ачылган. Учурда борбор 6–14 жаштагы мектеп окуучуларына технология, математика, табигый илимдер, дизайн, астрономия, авиация, космонавтика жана робототехника багыттарында ийгиликтүү билим берип келет. Санжар Алтымышов борбордун кызматкерлеринин 50 пайызын математика жана информатика институтунун магистранттары жана студенттери түзөөрүн баса белгиледи.

Эксперименталдык  робототехника жана технология курсунун мугалими Нурмухаммед Усаровдун айтымында, “TeknoFest” 2018-жылдан бери дүйнөлүк деңгээлде 100 миңдей катышуучуну жана миллиондон ашуун көрүүчүнү өзүнө тартып, ийгиликтүү өтүп келет. Фестивалда учактардын бир мезгилде учуусу, ар кандай симуляциялык аймактар, жергиликтүү жана улуттук технологиялар көргөзмөсү, сахналаштырылган көрүнүштөр уюштурулат. Ошондой эле окуучулар, студенттер жана ар кандай илимий даражасы бар окумуштуулар арасында робототехника, тик учуучу жана канаттуу дрондор, спутник технологиялары, ракеталар жана ушул сыяктуу 54 багыттагы мелдештер өткөрүлөт. Катышкан мектеп окуучуларына “Bilim etkinlikleri” программасынын алкагында заманбап технологиялар боюнча акысыз маалымат берилет.

Доцент Бактияр Рахманкулов өз сөзүндө, бул иш-чара институт студенттери үчүн пайдалуу болгонун белгилеп, Түркияда өтө турган фестиваль эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достукту жана биримдикти чыңдай турганын айтты. О.э. студенттердин мыкты долбоорлору жеңишке жетсе, акчалай сыйлыктардан жана материалдык колдоодон сырткары Стамбул шаарында өтүүчү “Take Off Istanbul” программасында инвесторлордун колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар “TeknoFest” фестивалына командалык түрдө катталуу, даяр долбоорлорду системага жүктөө жана кийинки кадамдар тууралуу кеңири маалымат алышты.

(C) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф. -м.и.к., доцент

Добавить комментарий