Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн “Лингвистика” багытынын 2-курс студенттери Аяна Сокучиева менен Акылай Турусбекова Түркиянын Анкара шаарындагы Хажы Байрам Вели Анкара университетинин Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмүндө 1 семестрдик академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып, университетибизге ийгиликтүү кайтып келишти.

Университеттер аралык келишимдин негизинде ишке ашкан бул академиялык алмашуу программасы студенттерге чет өлкөлүк алдыңкы жогорку окуу жайда билим алып, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө аралашууга, түрк тили менен адабиятын тереңдетип өздөштүрүүгө, ошондой эле маданий чөйрө менен жакындан таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк берди.

2026-жылдын 13-февралында алмашуу программасына катышып келген студенттер бөлүмдүн студенттери үчүн мотивациялык семинар өткөрүштү. Семинар бөлүмдүн түрколог окутуучуларынын демилгеси менен уюштурулду. Семинардын негизги максаты – студенттерди эл аралык академиялык мобилдүүлүк программаларына жигердүү катышууга шыктандыруу, тажрыйба бөлүшүү жана кесиптик багыт берүү.

Иш-чарага факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Бактыбек Жайлообаев, бөлүм башчы, ф.и.к., доцент Бурул Элебесова, бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы, “Лингвистика (түрк)” багытынын 1-2-курсунун студенттери жана түрк тилин үйрөнүүчүлөр катышышты.

Семинарды бөлүм башчы Б. Элебесова ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, академиялык мобилдүүлүктүн студенттердин билим алуудагы негизги компетенцияларынын өсүшүндөгү ролуна токтолуп, алмашууга катышкан студенттердин мотивациялык презентациясына кезек берди.

Алмашуу программасынын катышуучулары Түркиядагы окуу процесси, илимий ишмердүүлүк, маданий иш-чаралар жана туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу атайын даярдалган визуалдык презентациялар аркылуу кеңири маалымат беришти. Алар алган билимдерин, көндүмдөрүн жана тажрыйбасын жандуу мисалдар менен баяндап, студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу фактыларды бөлүштү.

Презентациядан кийин семинар суроо-жооп форматында улантылып, активдүү талкууга айланды. Катышуучулар Түркиянын билим берүү системасы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, материалдык камсыздоо, окутуучулардын педагогикалык чеберчилиги, түрк элинин меймандостугу жана чет өлкөдө билим алууда коопсуздук маселелери боюнча кызыктуу суроолорун беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында факультеттин деканы Б. Жайлообаев студенттерди алмашуу программасын ийгиликтүү жыйынтыктап келгендиги менен куттуктап, мындай академиялык байланыштар эки университет ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыкты чыңдоодо чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле ал студенттерди жана окутуучуларды эл аралык программаларга активдүү катышууга чакырды.

Семинардын соңунда бөлүм башчы Б. Элебесова акыркы жылдары университетибиз академиялык мобилдүүлүк багытын артыкчылыктуу стратегиялык максат катары аныктап, бир катар чет өлкөлүк өнөктөш университеттер менен активдүү кызматташып жатканын белгилеп, ар бир студент үчүн эл аралык алмашуу программаларына катышууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Ал студенттерди билимге умтулууга, кесиптик өсүүгө жана дүйнөлүк билим мейкиндигине интеграцияланууга чакырды. Ошондой эле бул алмашуу программасын ишке ашырууда чоң салым кошкон Хажы Байрам Вели Анкара университетинин профессору жана Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Гулжанат Курмангалиева Эржиласунга ыраазычылык билдирди. Аны менен катар алмашууга катышкан студенттердин документтерин тапшуруу процессинен тартып, алардын кайрадан мекенибизге кайтып келгенге чейинки баардык окуу, илимий, маданий жана моралдык жактан колдоо көрсөткөн бөлүмдүн ага окутуучусу Фаризат Курамаевага терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий