2026-жылдын 13-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “PhD докторанттардын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын апробациялоо” аталышындагы IV Эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Аталган илимий иш-чара докторанттардын жүргүзүп жаткан диссертациялык изилдөөлөрүнүн аралык жыйынтыктарын илимий коомчулукка сунуштоо, аларды талкуулоо жана апробациялоо максатын көздөдү.

Конференциянын расмий ачылышы университеттин чоң жыйындар залында өтүп, пленардык бөлүгүндө PhD докторанттар тарабынан даярдалган мазмундуу жана теориялык-методологиялык жактан негизделген баяндамалар угулуп, изилдөөлөрдүн актуалдуулугу, илимий жаңылыгы, колдонмолук мааниси жана алынган жыйынтыктардын практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири чагылдырылды.

Андан соң конференциянын иши секциялык жыйындарда уланды. Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун секциялык жыйыны 144-аудиторияда өткөрүлүп, “Программдык инженерия” жана “Жасалма интеллект” багыттары боюнча билим алып жаткан PhD докторанттардын илимий-изилдөө иштеринин аткарылыш деңгээли талкууланды. Баяндамалар заманбап маалыматтык технологияларды, алгоритмдик ыкмаларды, интеллектуалдык системаларды иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу маселелерин камтып, теориялык талдоо менен практикалык эксперименттердин жыйынтыктары айкалышкан форматта сунушталды.

Ар бир доклад визуалдык жана аналитикалык жактан сапаттуу даярдалган презентациялар менен коштолуп, катышуучуларга сунушталган натыйжаларды ар тараптуу талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Талкуу процессинде конструктивдүү сын-пикирлер айтылып, изилдөөлөрдүн методологиялык негизин бекемдөө, эмпирикалык базасын кеңейтүү жана практикалык баалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.

“Жасалма интеллект” багыты боюнча секциянын модератору академиялык кеңешчи, доцент А.О. Рыспаев, ал эми “Программдык инженерия” багыты боюнча секциянын модератору программанын жетекчиси Э.Ж. Баялиева болду. Алар баяндамалардын мазмундук тереңдигин, изилдөөлөрдүн илимий деңгээлин жана актуалдуулугун белгилеп, докторанттарга методикалык жана практикалык багытта сунуштарын беришти.

Секциялык жыйынга докторанттардын илимий жетекчилери катышып, профессионалдык сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Талкуулар илимий деңгээлде өтүп, изилдөөлөрдү андан ары өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштар берилди. Жыйынтыгында, конференция докторанттардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана академиялык чөйрөдө илимий кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым кошту.

(С) Баялиева Э.Ж. — “Программалык инженерия” программасынын жетекчиси

Добавить комментарий