2026-жылдын 12-февралында экономика илимдеринин доктору, профессор Аделя Абдиева Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча лекция өткөрдү. Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгесин колдоо алкагында уюштурулду.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерге жана окутуучуларга жеке каржыны натыйжалуу башкаруу, банк системасынын иштөө принциптери, инвестициялык инструменттер, криптовалютанын өзгөчөлүктөрү жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, заманбап санариптик экономиканын шартында финансылык сабаттуулуктун ролу өзгөчө белгиленди.
Конок лекцияга факультеттин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышып, талкуу форматында суроолорго жооп алышты. Иш-чара болочок мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин финансылык билим деңгээлин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Факультет жетекчилиги профессор Аделя Абдиевага мазмундуу жана пайдалуу лекциясы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай форматтагы иш-чаралар дагы да улантыларын белгиледи.
(С) Г.Э.Джапарова — тарбия иштери боюнча декандын орун басары