2026-жылдын 30-январь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт залында Дене тарбия жана спорт агенттигинин “Жаштык” дирекциясы тарабынан Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамы арасында өткөрүлгөн “Ден соолук 2026” спартакиадасынын «45 жаштан жогору» категориясы боюнча кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча турниринин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Турнир КУУнун спорт залында өткөрүлүп, оюндарга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицианлык академиясынын волейболчу кыз-келиндери катышты.
Таймаштар курч мүнөздө өтүп, ар бир команда күчтүү атаандаштыкты жана мыкты спорттук даярдыкты, ал эми оюнчулар өздөрүнүн чеберчилигин, ынтымагын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Жыйынтыгында, волейбол боюнча турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- 1 орун: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- 2-орун: К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
- 3-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Сыйлыктарды Дене тарбия жана спорт агенттигинин “Жаштык” дирекциясынын кызматкери, Спартакиаданын башкы калысынын орун басары Гулсара Кудабаева, И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов тапшырышты.