2026-жылдын 30-январында Улуттук университетте “Кыргыз Республикасында мугалимдерди даярдоону трансформациялоо: 12 жылдык мектеп реформасы — “Уңгужол” улуттук идеологиясын жүзөгө ашыруу жолу” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, педагогикалык багыттагы университеттердин жана колледждердин кызматкерлери, билим берүү боюнча эксперттер, мектеп директорлору жана мугалимдер катышышты.
Алгач КУУнун биринчи-проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев сөз сүйлөп, «Уңгужол» концепциясынын негизги багыттары, билим берүү реформасына кажет компетенттүүлүк жана кадр маселесине токтолду жана Улуттук университет тарабынан иштелип чыккан 3 жылдык бакалавр даражасынын модели менен тездетилген бакалавр даражасынын программасы менен тааныштырып өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө 12 жылдык орто билим берүү системасына өтүүнүн мугалимдерди даярдоого тийгизген таасири, мамлекеттик билим берүү стандарттарын жаңыртуу сыяктуу бир топ маселелер каралды. Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү чакырыктар жана багыт белгилерине токтолсо, коңшу Казакстан Республикасынын Улуттук билим берүү академиясы 12 жылдыкка өтүүдөгү тажрыйбалары, эл аралык программалар тууралуу айтып беришти.
Жыйындын жүрүшүндө улуттук идеологиянын максаты — уникалдуу маданий өзгөчөлүктү сактоо менен бирге эл аралык билим берүү сапатынын стандарттарына жетүү экени баса белгиленди.
Иш-чарага Президенттик Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары — стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев дагы катышып, мугалимдердин коомдогу орду, жоопкерчилигине токтоло кетти.
Тегерек стол жасалган баяндамалар, талкуулардын негизинде резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.