2026-жылдын 18-январында Конрад Аденауэр атындагы фонд жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги биргеликте уюштурулган престиждүү Sur Place стипендиялык программасына сынак жыйынтыктары жарыяланды. Сынак процедуралары өткөн жылдын декабрь айында башталып, тыкыр тандоонун жыйынтыгында Жүсүп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төмөнкү студенттери стипендиат болуп жарыяланды:

  • Атабеков Бектемир — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенти;
  • Тасмабекова Айназик — Кыргыз филологиясы факультетинин студенти.

Студенттердин бул программага катышуусу жана декабрь айында башталган бардык сынак этаптарынан ийгиликтүү өтүүсү КУУнун Инвестиция бөлүмүнүн түздөн-түз координациялоосу жана эксперттик колдоосу астында ишке ашырылды.

Бул жетишкендик КУУнун студенттеринин даярдык деңгээли эл аралык баалоо критерийлерине жооп берерин тастыктайт жана университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн министрлик жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташуусунун натыйжасы болуп саналат.

Айназик менен Бектемирди бул татыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окууларында албан-аралбан ийгиликтерди, бардык пландарынын ишке ашуусун каалайбыз!

Sur Place программасы тууралуу

Программа коомдук иштерде активдүү болгон таланттуу жаштарды колдоого жана өз өлкөсүндө жогорку билим алуусуна көмөктөшүүгө багытталган. Фонддун шарттарына ылайык:

  • ай сайын берилүүчү стипендиянын өлчөмү 150 евро;
  • стипендиаттар фонд тарабынан уюштурулган илимий-практикалык конференцияларга жана билим берүү семинарларына катышуу укугуна ээ болушат.

(С) Мелис кызы Аяна — маркетинг боюнча башкы адис

Добавить комментарий