Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к, профессор Г.К.Осмоналиева 2026-жылдын 30-январында Улуттук илимдер академиясында ач«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин эл аралык компьютердик тест тапшыруу боюнча алгачкы борборунун ачылыш аземине катышты.

Эл аралык компьютердик тест борборунун негизги максаты:

  • Кыргызстандын жарандарына жана чет өлкөлүктөргө көп тилдүү чөйрөдө мамлекеттик тилден тышкары орус жана чет тилдерден (түрк, англис, кытай, ж.б.) эл аралык деңгээлде тест тапшыруу шарттарын түзүп берүү;
  • Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдары көп тилдүү билим берүү программасын  пландоо жана жайылтуу максатында санариптик тест тапшыруу ыкмаларын  өркүндөтүү;
  • Аталган демилгени башка  мамлекеттик мекемелерге, жогорку окуу жайларга үлгү катары жайлтуу.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.К.Койчиев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К.Мураталиев, о.э. Жогорку Кеңештин, Финансы министрлигинин, Миграция министрилигинин, Эл аралык National Educational Network компаниясынын өкүлдөрү жана ЖОЖдордон тил саясаяты боюнча адистер катышты.

Презентациялар жаңы санариптик технологиялардын колдонуусу менен өттү.

Иш-чаранын аягында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору  Б.Б.Топоева-Ставинская  — тест тапшыруу жаңы паркы менен тааныштырып, катышуучуларга тестт тапшыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. 

(С) Г.К.Осмоналиева — факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий