2025-жылдын 22-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында Экономиканын жогорку мектебинин финансы кафедрасына караштуу заманбап окуу-методикалык кабинеттин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган окуу-методикалык кабинет финансы кафедрасында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген экономика илимдеринин кандидаты, профессор Кулукеева Гулжан Сыдыгалиевнанын үй-бүлөсүнүн демилгеси жана демөөрчүлгү менен жасалгаланды.
Кулукеева Г.С. өзүнүн көп жылдык педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү менен жүздөгөн студенттерге билим берип, экономика илиминин өнүгүшүнө жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого салым кошкон инсан. Гулжан Сыдыгалиевнанын эмгекчилдиги, принципиалдуулугу, студенттерге болгон камкор мамилеси бүгүнкү күнгө чейин үлгү болуп келет.
Заманбап окуу-методикалык кабинет студенттер үчүн терең билим алууга, илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана кесиптик жактан өсүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Кабинеттин ишмердүүлүгү жемиштүү болуп, билимдүү, мекенчил жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди тарбиялоого кызмат кылат.
Финансы кафедрасынын жамааты уюштуруучуларга, демилгечилерге жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирет.
Иш-чараны уюштуруучулар: Мусаева Н.М., Секиева Р.А., Сейталиева Ж.У.
(С) Сейталиева Ж.У. — ага окутуучу