Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин волейбол боюнча кыз-келиндер командасы Дене тарбия жана спорт агенттигинин Жаштык дирекциясы тарабынан Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлары арасында уюштурулган “Ден соолук” спартакиадасына катышып, «45 жашка чейинкилер» тобунда 3-орунду ээледи.
Сегиз жогорку окуу жайдын спортчулары катышкан мелдеш 17-24-январь күндөрү К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтүп, жыйынтыгы 22-январда чыгарылды. Байгелүү орунду ээлеген КУУнун командасы машыктыруучу Мурзатаева Мургул жана команда капитаны Асанкулова Айперинин машыктыруусу астында жогорку спорттук даярдыкты, командалык ынтымакты жана сергек жашоо образын көрсөтө алышты.
(С) Женишбек к Н. — ОКББ бөлүмүнүн окутуучусу