2026-жылдын 22-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында иш сапары менен болду.

Күндүн биринчи жарымында КУУнун делегациясын Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов кабыл алып, жолугушууда Баткен мамлекеттик университетинин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болду.

Андан кийин Догдурбек Чонтоев Баткен мамлекеттик университетине (БатМУ) жана аталган окуу жайдын Кызыл-Кыя шаарындагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтуна (КГПИ) барып, аталган мекемелердин эмгек жамааты менен жолугушту.

Иш-чарага БатМУнун ректорунун м.а. Хайриддин Таиров, КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева, КУУнун Баткен кампусунун координатору Абдиназар Таникулов, КГПИнин директору Апиза Абдибаитова, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун директорунун м.а. Нурия Сапиева Нурия, Көп тармактуу колледждин директору Шерали Кумаров, о.э. аталган окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Жыйында Президент С.Н.Жапаровдун жарлыгы менен Баткен, Талас, жана Нарын мамлекеттик университеттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бириктирилгени, учурда кайра уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланып, аталган окуу жайлар менен иш алып баруучу КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева тааныштырылды. Догдурбек Чонтоев о.э. 2025-жылдын 25-октябрында Улуттук университеттин бир кылымдык мааракеси республикалык деңгээлде салтанаттуу белгиленгени, юбилейге карата Кыргызстандагы университеттердин арасынан биринчи болуп 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланганы жана Улуттук университеттин стратегиялык өнүгүү планы тууралуу маалымат берип, Баткен мамлекеттик университетинин жетекчилерине Улуттук университеттин символдорун жана 100 жылдыкка карата чыгарылган «Жусуп Баласагын» энциклопедиясынын 5 томдугун тапшырды. Ректордун айтымында, Баткен мамлекеттик университети мындан ары «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен кампусу» деп аталат.

Белгилей кетсек, Өлкө башчысынын жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 24-декабрында “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” №826 токтому кабыл алынып, 2026-жылдын 13-январында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин кайра уюштуруу жөнүндөгү” №6 буйругу чыккан. Аталган документтердин негизинде кайра уюштуруу иштеринин активдүү фазасы башталды.

Баткен мамлекеттик университетиндеги жолугушуу

Кызыл-Кыя шаарындагы Гуманитардык-педагогикалык институтундагы жолугушуу

Добавить комментарий