2026-жылдын 21-январь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Баткен облусуна иш сапары менен барды.
Иш сапар Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) Сүлүктү шаарындагы А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунда (СГЭИ) башталып, ректор аталган институттун эмгек жамааты менен жолугушту. Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Болотбек Абдыжапаров, БатМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Хайриддин Таиров, КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева, КУУнун Баткен кампусунун координатору Абдиназар Таникулов, о.э. СГЭИнин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 11-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндөгү” №256 жарлыгы менен Баткен, Талас, жана Нарын мамлекеттик университеттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бириктирилгени, учурда кайра уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды. Ректор өткөн 2025-жылы Талас жана Нарын мамлекеттик университеттерине барып келгенин билдирип, аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакееваны тааныштырды. Ректордун айтымында проректор аталган үч аймактагы окуу жайлар менен иш алып барат. Догдурбек Чонтоев о.э. 2025-жылдын 25-октябрында Улуттук университеттин бир кылымдык мааракеси республикалык деңгээлде салтанаттуу белгиленип, окуу жай Кыргызстандагы университеттердин арасынан алгачкы болуп 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланганын жана Баткен мамлекеттик университетинин студенттери эми КУУнун дипломун алышаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Өлкө башчысынын жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 24-декабрында “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” №826 токтому кабыл алынып, 2026-жылдын 13-январында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин кайра уюштуруу жөнүндөгү” №6 буйругу чыккан. Аталган документтердин негизинде кайра уюштуруу иштеринин активдүү фазасы башталды.















































