2026-жылдын 15-январында биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Түштүк Кореянын Хосо университенинин эл аралык кызматташтык боюнча департаментинин директору  Бэ Кён Джин айым баштаган өкүлдөрдү кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө университеттер аралык диалогду өнүктүрүү, академиялык алмашуу, өнөктөштүк, билим жана маданий багыттагы маселелер боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду.

Алайбек Шамшиев Кыргызстандын жаштары арасында Түштүк Кореянын маданиятына, тилине карата кызыгуу өсүп жатканын белгилеп, билим багытында кызматташууга  даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Бэ Кён Джин айым Улуттук университеттин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, жылуу кабылдоосуна ыраазычылык айтуу  менен, Хосо университетине келип  кетүүгө чакырды. 

Жолугушууга о.э. Кыргыз-европа факультетинин деканы Медина Нукеева катышты.

Добавить комментарий