2025-жылдын 29-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында Экономиканын жогорку мектебинин (ЭЖМ) «Экономика» кафедрасында билим берүү процессинин талаптарына жооп берген, экономисттерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган заманбап «Экономика» кабинети салтанаттуу түрдө ачылды.
Аталган кафедранын эмгек жамаатынын демилгеси менен жасалган кабинеттин ачылыш аземине ЭЖМ директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мусаева Н.М., «Экономика» кафедрасынын башчысы, экономика иллимдеринин доктору, профессор Алыбаев Дж.Б., окутуучулар курамы жана активдүү студенттер катышты.
Жаңы окуу кабинетинин ачылышы «Экономика» кафедрасынын жашоосунда маанилүү окуя болуп, Улуттук университеттин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
(С) Баймурзаева Н.С. – экономика илимдеринин кандидаты, «Экономика» кафедрасынын доценти