Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын 23-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас облусундагы гуманитардык табигый илимдер факультетининде окутуучу А.К.Коргонбаева тарабынан «XVIII кылымдын экинчи жарымы — XIX кылымдагы кыргыз элинин маданияты» деген темада лекция өтүлдү.
Сабакта төмөндөгү темалар каралып, тезистер айтылды:
- Байыркы кыргыздардын маданияты көчмөн турмуш менен байланышкан. Жашоо образы: кийим-кечек, курал-жарак жана турак-жай.
- Орто кылымдарда кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө улуттук мамлекеттердин түзүлүшү жана соода жолдору таасир тийгизген.
- Фольклор жана адабият. Ккыргыздар оозеки чыгармачылыктын бай салттарына ээ: эпостор (Манас, Эртөштүк, Жаңыл Мырза), жомоктор, макал-лакаптар.
- Фольклор жашоо тажрыйбасын муундан-муунга өткөргөн жана моралдык тарбиянын булагы болуп келген.
- Кыргыз элинин музыкалык маданияты күүлөр, ырлар, добулбас жана комуз аспабы менен байланыштуу.
- Орнаменттер: кийим-кечек жана коздоо буюмдары кыргыздын эстетикалык ой жүгүртүүсүн чагылдырат.
- Дин жана салт-санаа адамдын жашоодогу баалуулуктарын, урмат-сыйын жана коомдук милдетин чагылдырат.
- Кыргыз маданияты бүгүнкү күндө улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана дүйнөлүк маданий процесстерге аралашуу максатында негиз болуп саналат.
- Эл аралык фестивалдарда, көргөзмөлөр жана мектептерде кыргыз маданияты жайылтылууда.
Сабактын жыйынтыгында студенттер XVIII к. II-жарымы — XIX кылымдагы кыргыз элинин маданияты Кокон хандыгынын тушундагы каада-салтты чагылдыруу максатында “Курманжан Датка” кинотасмасы аркылуу учурдагы кыргыздын каада-салтынын күнүмдүк турмушта колдонуу жана манасчы, төкмө акындардын маданиятка салым кошкондугу тууралуу талкуу жүргүзүп, төмөнкү жыйынтыкка токтолушту:
Кыргыз элинин маданияты — байыркы тарых жана оозеки, жазма чыгармачылык, музыкалык жана көркөм өнөр менен байытылган руханий мурас. Ал улуттук өзгөчөлүктү сактап, келечек муундарга ата-бабалардын баалуулуктарын өткөрүүгө жардам берет жана кыргыз маданияты дүйнөлүк маданий коомчулуктун маанилүү бөлугү.
(С) Коргонбаева Асел – Талас облусундагы ГТИФтин окутуучусу