Ж.Баласагын атындагы КУУнун Бозжол философиялык изилдөө борборунун философиялык жана маданий иш-чаралар айлампасынын алкагында 2025-жылдын 18-декабрында «Адам философиясы: Европалык экзистенциализмден Чыңгыз Айтматовдун гуманизмине чейин» аттуу университеттер аралык студенттик конкурс болуп өттү.
Бул конкурс студенттер үчүн жөн гана академиялык иш-чара эмес, адам кайрадан өзүнө үңүлүүгө, ой толгоо, олуттуу суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Студенттер конкурска текст жазуу аркылуу чыгармачыл жана аналитикалык ой жүгүртүүнү сынап көрүүгө, өз позициясын жазуу түрүндө жеткирүү маданиятын өстүрүүгө багытталган.
Конкурстун жыйынтыгында: “Эң мыкты философиялык эссе” номинациясы менен КТМУ философия бөлүмүнүн студенти Карыпбаев Арсен, “Маданияттар аралык философиялык анализ” номинациясы менен ошол эле университеттин студенти Шайлообекова Айжамал, “Жаштардын эң жакшы философиялык эссеси” номинациясы менен Эл аралык университеттин философия кафедрасынын студенти Каримов Адилхан, “Европалык экзистенциализм боюнча эң мыкты иш” номинациясы менен КУУнун философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын студенти Магаметова Зарина сыйланышты.
Конкурстун жеңүүчүлөрү грамота, сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
(С) Айдакеева Махабат. Борбордун илимий кызматкери.
Автордун стилистикасы менен грамматикасы толугу менен сакталды