Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев 2025-жылдын 16-декабрынан 21-декабрына чейин академиялык мобилдүүлүктү арттыруу, андан ары кызматташуу жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында жайгашкан Минзу университетинин Борбордук Азияны изилдөө институтуна иш сапары менен барып келди.
17-декабрда Бактыбек Жайлообаев аталган институттун студенттери, магистрлери жана докторанттарына «Кыргыз тилинин калыптаныш этаптары жана азыркы диалектилери» деген темада конок лекция өтүп, угуучулардын суроолоруна жооп берди.
18-декабрда Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Минзу университетинин Борбордук Азияны изилдөө институтунун жамааты менен болгон жолугушууга катышты. Аталган институттун директору, PhD, профессор Жяң Руңзы өзү жетектеген окуу жайдын кыскача тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечектүү багыттары тууралуу маалымат берген соң, КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев чыгып сүйлөп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин Минзу университетинин Борбордук Азия илимий-изилдөө институтунун жамаатына саламын айтып, КУУнун өлкөнүн илимине, билим берүүсүнө, социалдык-экономикасынын өсүшүнө кошкон салымы жана учурдагы абалы жөнүндө маалымат берди жана быйыл окуу жай 100 жылдык маарекесин белгилегени тууралуу айтып өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн көрүнүктүү окуу жайларынын ар тараптан кызматташуусу зарыл экендиги белгиленип, айрыкча студент, магистр, докторант, окутуучу-профессорлордун академиялык мобилдүүлүгү, анын ичинде тажрыйба алмашуусу, биргелешип илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүсү, о.э. илимий-практикалык иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштар айтылды. Жыйынга атактуу кыргыз таануучу, профессор Ху Чжэньхуа, филология илимдеринин доктору, профессор Токтобүбү Ысак кызы, профессор Миао Доӊша, декандын орун басары, PhD, доцент Нурбахан Калелхан жана магистр, докторанттар катышты.
19-декабрда Бактыбек Жайлообаев Кытай Эл Республикасынын Чет тилдер институтунун директору Дай Гуйцзюй, институтка караштуу Кыргыз таануу борборунун башчысы Шень Сяодундун чакыруусу менен аталган окуу жайына барып, ал жердеги Кыргыз таануу борборунун иши менен таанышып, өз ара кызматташуу боюнча багыттар тууралуу пикир алышты.
20-декабрда КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы кытайлык атактуу кыргыз таануучу, профессор Ху Чжэньхуанын чакыруусу менен профессордун үйүндө конокто болду. Профессор Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар менен болгон сый мамилеси тууралуу эскерип, эки өлкөнүн белгилүү окуу жайлары ар тараптан кызматташуусу, айрыкча магистр, докторант, окутуучу-профессорлордун тажрыйба алмашуусу, биргелешип илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүсү зарыл экендигин баса белгиледи. Өзүнүн шакирттери да катышкан жолугушуунун соңунда кытайлык профессор атайын даярдап койгон белектерин, китептерин тартуулап, конокторду үйүнөн узатты. Айта кетсек, 2026-жылдын 1-январында дүйнөгө таанымал кыргыз таануучу, профессор Ху Чжэньхуа 95 жашка чыгат.
Кыскача маалымат
Минзу университети этнология, антропология, этникалык экономика, аймактык экономика, дин таануу, тарых, бий жана сүрөт искусствосу жаатында Кытайдагы эң абройлуу мамлекеттик университеттердин бири. Окуу жай бүгүнкү күндө Кытайдын этностук ар түрдүүлүгүн жана маданий мурасын изилдөө боюнча улуттук борбор болуу менен бирге Кытайдагы этникалык азчылыкты түзгөн топтордун маданиятын сактоо жана өнүктүрүү боюнча дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири болуп саналат. Минзу университетинде Борбордук Азия элдеринин тарыхы, маданияты, тили, адабияты да иликтенет. Ушул университетте гана кыргыз тили жана адабияты боюнча да адистер, магистр, докторанттар даярдалат.
