2023-жылдын 24-октябрь күнү 6-окуу имаратынын 7-аудиториясында физика жана электроника факультетинин профессордук-окутуучулар курамы КУУнун редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы Клара Шакирова жана кызматкерлери менен жолугушту.

Жыйынды факультет деканы Самат Токтогонов ачып, сөз кезегин Клара Шакировага берди. Ал жыйындын катышуучуларын илимий-изилдөө көрсөткүчтөрү, илимий макалаларга шилтеме берүү, илимий-метрикалык маалымат базасы менен иштөө сыяктуу бир катар маанилүү маалыматтар менен тааныштырды. Баяндама катышуучулардын кызыгуусун туудуруп, көптөгөн суроолор берилди жана жигерлүү талкуу болду.

(С) Дамира Асанбекова – илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий