2025-жылдын 15-декабрында Юридикалык институтунун Укук таануу жана бажы иши кафедрасынын «Бажы иши» адистигинин студенттери үчүн маанилүү жана кызыктуу иш-чара болуп өттү. Бул ирет студенттерге Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы, коомдук ишмер Жакшылык Бекназаров «Жөндөмдөр, керектүү билимдер»- деген темада  конок лекциясын окуду.

Иш-чаранын негизги максаты – «Бажы иши» тармагында билим алып жаткан жаштарга кесипкөй ийгиликке жетүү үчүн керектүү болгон актуалдуу жөндөмдөр (soft skills жана hard skills) жана практикалык билимдер тууралуу терең маалымат берүү болду.

Жакшылык Бекназаров лекциянын жүрүшүндө төмөнкүдөй маанилүү аспектилерге токтолду:

  • Кесиптик компетенттүүлүк: Бажы кызматкери үчүн зарыл болгон мыйзамдарды, эл аралык эрежелерди жана процедураларды билүү.
  • Коммуникация жана дипломатия: Мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр менен натыйжалуу иштөө жөндөмү.
  • Кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуу: Тез өзгөрүүчү бажы чөйрөсүндөгү маселелерди ыкчам жана туура чече билүү.
  • Санариптик сабаттуулук: Заманбап бажы тутумдарында жана маалымат технологияларында иштөө көндүмдөрү.

Лекция салттуу окуудан айырмаланып, суроо-жооп жана талкуу форматында өткөрүлдү. Студенттер өзүлөрүн кызыктырган суроолорду берип, бажы тармагындагы учурдагы тенденциялар, карьералык мүмкүнчүлүктөр жана жеке өнүгүү жолдору боюнча пикир алышты. Жакшылык Бекназаров өзүнүн жеке тажрыйбаларынан мисалдарды келтирип, ийгиликке жетүү жолдору менен бөлүшүп өттү. Ал ошону менен бирге жаштарга  коомубуздун 35% жаштар түзөөрүн, жаштар коомдо  чоң күч экенин баса белгилөө менен бирге, алар коомубуздагы, болуп жаткан экологиялык жана социалдык көйгөйлөргө кайдыгер болбой аны менен  өз алдынча күрөшүп, ошондой эле тил, маданият багытын көтөрүүдө да жаштардын ролу чоң экенин белгилеп өттү. Ал студент жаштарды терең  билим алууга, активдүүлүккө, жоопкерчиликке жана өзүн тынымсыз өнүктүрүүгө чакырды.

КУУнун Юридикалык институтунун «Бажы иши» адистигинин студенттери бул иш-чара келечектеги кесиби үчүн чоң түрткү жана баалуу маалымат булагы болгонун белгилешти. Ж. Бекназаровдун лекциясы теориялык билимди практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн көрсөтүп, студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырды.

Лекциянын соңунда Кыргызстан Жаштар Кыймылы билим берүү мекемелери менен кызматташууну мындан ары да улантып, жаш адистерди керектүү билимдер жана жөндөмдөр менен камсыздоого багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турарын да белгилеп өттү.

Укук таануу жана бажы иши кафедрасы мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу менен, студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды практикалык тажрыйба менен тааныштырууга багытталган иш-аракеттерди уланта бермекчи.

(С) Р.Т.Ибраимов — Укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий