2023-жылдын 19-октябрында “Кыргызстандын Эл аралык университети” академиялык консорциуму, КР Эл аралык университети, Эл аралык билим берүү академиясы (МАО), “Илимий коммуникациялар институту” автономдук коммерциялык эмес уюму, Туруктуу өнүгүү жана технология лидерлиги консорциуму биргеликте “Университет 4.0 – университет будущего на пути к устойчивому развитию: современные тренды, вызовы и перспективы” деген темада “Кыргызстандын Эл аралык университети” академиялык консорциумунун 30 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Пленардык жыйында “МУК” АКтын Камкорчулар кенешинин төрагасы, КР УИАнын академиги, м.и.д., проф. А.А.Айдаралиев доклад жасады. КР Билим берүү жана илим Министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Токтошов Г.Ы., чет өлкөлүк жана жогоруда аталган мекемелерден келген өкүлдөр сөз сүйлөштү. Конференция 4 секцияда өз ишин улантты. Жаманкулова Гүлжамал”Когнитивдик лингвистика 4.0 университеттин өнүгүү контекстинде” деген темада доклад жасады.
(С) Гүлжамал Жаманкулова – кыргыз тил илими кафедрасынын профессору

