2025-жылдын 12-декабрь күнү 6-окуу имаратындагы №126-дарсканада математика жана информатика институтунун  “Жаңы муун” дебаттык клубунун демилгеси менен 1-2-курстар арасында Чыңгыз Айтматовдун 97-жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө карата “Адабият майданы” аттуу интелектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Жаштардын ой өрүшүн өркүндөтүп, адабият таанымын кеңейтүүгө “Ак-Кеме”, «Ак шумкар», “Бетме-бет”, “Эрудит”, “Жаңы дем”, ”Биримдик” жана “Билимдар” командалары катышты. Оюндун 1-туру “Айтматов жана сынчыл ой жүгүртүү” жана “Алыкул Осмоновдун чыгармалары студенттердин көзү менен” темаларына байланыштуу тапшырмалар менен коштолуп, 2-турда кыргыз адабиятынын өкүлдөрү, белгилүү сүрөтчүлөр жөнүндө суроолор берилди. 3-тур дүйнөдөгү кызыктуу фактылар, логикалык суроолор менен коштолуп, 4-турда команда капитандары “Мыкты капитан” наамын жеңип алуу үчүн күч сынашты.

Жыйындын катышуучулары билим берүү, креативдүү индустрия, сергек жашоо, тажрыйба алмашуу, дүйнө таанымды кеңейтүү максатында уюштурулган бул иш-чара  институттун эң активдүү жаштарын бир аянтчага чогултуп, бири-бири менен жакындан тааныштыруу, тажрыйба, идея алмашууга шарт түзгөн пайдалуу жолугушуу болгонун баса белгилеп кетишти.

Мелдештин жыйынтыгында “Жаңы дем” командасы 1-орунду ээлесе, 2,3-орундарга  «Ак шумкар» жана «Эрудит» командалары татыктуу болушту.

Иш-чаранын соңунда колдонмо информатика программасынын кесиптик кыргыз тили сабагынын ага окутуучусу Алтынай Мамбетова байгелүү орундарга ээ болгон командаларды жана активдүү катышкан студенттерди ардак грамоталар менен сыйлады.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий