2025-жылдын 8-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев “Евразия KG Социалдык дүкөндөр” коомдук фондунун төрагасы Антон Арский баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.
Төрага өзү жетектеген фонддун ишмердүүлүгү, ошондой эле социалдык дүкөн долбоору жана пикири тууралуу кыскача айтып берди.
КУУнун ректору окуу жайдын жетекчиси катары жаңы социалдык долбоорлорду колдой турганын билдирди.
Андан ары, Антон Арский менен Догдурбек Чонтоев “Евразия KG Социалдык дүкөндөр” коомдук фонду менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документте КУУнун студенттери менен окутуучуларынын “Евразия” социалдык дүкөндөр тармагына атайын карта аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Эскерте кетсек, аталган Меморандумдун долбоору мурда, 5-декабрда, биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен коомдук фонддун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланган.
Жолугушууга о.э. “Евразия KG Социалдык дүкөндөр” коомдук фондунун директорунун орун басары Руслан Жампеишов; КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов катышты.
Кыскача маалымат
“Евразия KG Социалдык дүкөндөр” коомдук фонду – бул социалдык дүкөн долбоорун ишке ашырган коммерциялык эмес уюм. Анда азык-түлүк жана зарыл товарлар социалдык картаны колдонуу менен арзандатылган баада сатылат. Фонддун Бишкекте бир нече дүкөндөрү бар: Токтогул көчөсү 146/1, Асанбай кичи району 8/3, Сүйүмбаева – 17 / Москва – 7, Манас көчөсү – 97 жана Юнусалиев көчөсү – 159.