2025-жылдын 24-ноябрында Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында окуу жайдын 70 жылдык юбилейине жана Илим күнүнө арналган “Санарип доорунда илим жана билим берүүнү трансформациялоо” аталышындагы эл аралык кеңеш өткөрүлүп, анын негизги максаты “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” унгу жолу Доктринасында каралган багыттарды ишке ашыруу маселелерине арналды.

Жыйынга И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору Рахат Сулайманова  “Инсандын руханий-адептик маданиятын жана дени сак жашоо мүнөзүн калыптандырууда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун орду” аттуу баяндамасы менен негизги спикерлердин бири катары катышты.

Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министиринин орун басары, Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Борубашев Б.И., Туркмен мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун ректору Нуннаев Х.К., IPCHAIN Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Б.Т.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын ректору жана академиянын профессордук-окутуучулар курамы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту, К.Карасаев атындагы БМУ, Эл аралык Ала-Тоо университети, Кыргызстандагы Эл аралык университет, КРСУ, И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү катышты. Эл аралык кереге маекте улуттук баалуулуктарды жана заманбап инновациялык мамилелерди айкалыштыруучу өлкөнүн илимий потенциалын калыптандырууда жогорку окуу жайлардын ролу, жогорку окуу жайлардын билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердигине санариптик жана инновациялык технологияларды киргизүүнүн натыйжалуу механизмдерин табуу, санариптештирүү жана ааламдашуу шарттарында илимий чөйрөнү трансформациялоонун ийгиликтүү практикалары менен алмашуу маселелери талкууланды.

(С) Эгамбердиева Айсулуу – директордун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий