Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин окуу имараттарынын санариптик түгөйүнө кош келиңиздер! Улуттук университет Борбордук Азияда биринчи жолу бардык окуу имараттарын колдонуучулар үчүн интерактивдүү мүмкүнчүлүгү бар бирдиктүү санариптик түгөйгө бириктирди.
Биз аларды инновациялык 3D лазердик сканерлөө, машиналык көрүү жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен түздүк. 3D тур сизге биздин окуу имараттарын заманбап, иммерсивдүү виртуалдык турда изилдөөгө мүмкүндүк берет.
- Класстарды виртуалдык түрдө изилдеңиз, аудиогиддерди колдонуңуз, интерактивдүү маркерлерди табыңыз жана университетибиздеги эң кызыктуу иш-чаралар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билип алыңыз.
- Ыңгайлуу меню сизге керектүү имараттарга жана класстарга заматта багыт алууга мүмкүндүк берет.
- Интерфейс жана бардык сүрөттөмөлөр үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.
Ар бир окуу имаратынын санариптик түгөйлөрүн 2GIS жана Google Maps маалымат базаларына да жайгаштырылды. Алар Улуттук университеттин бренди астында өлкөнүн бардык тургундары үчүн, о.э. Google Maps глобалдык издөө жана картага түшүрүү платформасын колдонуп, Кыргызстанды көргөн ар бир адам үчүн жеткиликтүү.
Санариптик түгөй үзгүлтүксүз жаңыртылып турат. Башка шаарлардан жаңы окуу имараттары жакында кошулат.
Биз менен бирге болуңуз!
Башкы имарат