2025-жылдын 20-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтта Илим күнүнө арналган «Кыргыз билим берүүсүндөгү өмүрү өрнөк инсандар» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Бул иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) алкагында жана Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунда белгиленген улуттук баалуулуктарга таянып, өмүрү өрнөк инсандардын мурастарын жаңы муунга таанытууга, алардын илимий иштерин терең изилдөөгө жана билим берүү тармагындагы өрнөктүү ишмердүүлүгүн баалоого багытталды.
Конференциянын модератору — Педагогикалык институттун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова болуп, иш-чаранын жүрүшүн алып барды.
Иш-чараны расмий түрдө КУУнун илимий иштер боюнча проректору, психол.и.д., профессор Камчыбек уулу Мырзабек ачып, студенттик илимий-изилдөө иштеринин өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле сөз КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, п.и.д., профессор Назаркул Ишекеевге берилип, ал педагогикадагы мураска кайрылып, агартуу тармагындагы инсандардын орду жана жаш муунга үлгү болуучу инсандык баалуулуктар тууралуу терең ой бөлүштү.
Конференциянын негизги бөлүгүндө 1–4-курс студенттери төмөнкү илимий баяндамаларды сунушташты:
- Болотбек уулу Нурсултан – 1-курс, ФОи-3-25 “Н.А. Асипова – өмүрү жалпы журтка үлгү инсан, окумуштуу, педагог” (илимий жетекчи – п.и.д., проф. Сулайманова Р.Т.)
- Райымкулова Айша – 2-курс, НО(б)-1-24 “Искендер Исамидинов – студенттик жашоодон ректорлук кызматка чейин өткөн жол жана ал этаптагы тажрыйбалар” (илимий жетекчи – б.и.к., доц. Токтоева Т.Э.)
- Файзулла кызы Алтынай – 2-курс, ФМОм(б)-1-24 “Илим жана педагогикадагы лидерлик: Назаркул Ишекеевдин илимий-педагогикалык жана мамлекеттик-коомдук ишмердүүлүгү” (илимий жетекчи – ф.-м.и.к., доц. Эгамбердиева А.А.)
- Азимжанова Жанат – 2-курс, НО(б)-3-24 Устаттык өнөрдүн туу чокусун багындырган агартуу ааламынын Айчүрөгү (илимий жетекчи – ага.окут. Назарбекова Б.Ж.)
- Талгарбекова Жанара – 3-курс, ПЕД-3-23 “Кыргыз педагогикасынын көрүнүктүү окумуштуусу жана устат: Эсенбек Мамбетакуновдун илимдеги жана билимдеги орду» (илимий жетекчи – ф.-м.и.к., доц. Эгамбердиева А.А.)
- Ратбеков Ринат – 4-курс Ф(б)-1-22 “Профессор Мамбетакунов Эсенбектин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү” (илимий жетекчи – п.и.к., доц. Исаева Р.У.)
- Үсөн кызы Адина – 4-курс, Пед-2-22 “Заманыбыздын залкар инсаны – Акматали Алимбеков” (илимий жетекчи – п.и.к., доц. Жуматаева А.С.)
- Асылбек кызы Адина – 2-курс, ФМОи-1-24 “Илимдеги талыкпас изилдөөчү: п.и.д., профессор С.К. Калдыбаевдин илимий эмгектери жана жетишкендиктери” (илимий жетекчи – п.и.к., доц. Кабылова С.А.)
- Эсенбаева Фатима – 1-курс, НО (спо)-1-25 «От истоков к вершинам: жизненный путь К.Д. Добаева и его вклад в развитие науки и образования» (илимий жетекчи – п.и.к., доц. Адылбек кызы Г.)
- Алиева Айгерим – 2-курс, ФМОм(б)-1-24 “П.и.д., профессор К.М. Төрхөгелдиеванын билим берүү тармагына кошкон илимий салымдары” (илимий жетекчи – ага.окут. Көчөрова А.К.)
- Мадалбаева Луиза – 2-курс ПНК-1-24-(11) «Устаттар мурасы — шыктануунун булагы» (илимий жетекчи – ОКББ бөлүмүнүн окутуучусу Нуруева Ж.Б.)
- Шадыбекова Айчүрөк – 1-курс М(бк)-1-25 “Илимдеги табылга” (илимий жетекчи – И. Арабаев ат. КМУнун окутуучусу Касымбекова Н.Э.)
- Суеркулова Дильнура – 4-курс, Пед-1-22 «Абакир Мамытов как педагог-ученый: вклад в подготовку научных кадров и развитие образовательных программ» (илимий жетекчи – ага.окут. Файзуллаев Н.Ш.)
Ар бир студент белгилүү педагог-окумуштуулардын өмүр жолу, илимий мурастары жана билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу илимий негизделген баяндамасын сунуштап, өзүнүн изилдөө жөндөмүн көрсөтө алды.
Иш-чаранын соңунда коноктор сөз сүйлөп, студенттер менен пикир алмашып, өздөрүнүн автордук китептерин белекке тартуулашты. Андан соң конокторго жана илимий жетекчилерге “Ректордун ыраазычылык каттары”, ал эми баяндама жасаган студенттерге “Ардак грамоталар” тапшырылып, жалпы фотосессия уюштурулду.
Конференция жаш изилдөөчүлөргө жаңы билим алууга дем берип, илим жолуна кызыгуусун арттырган маанилүү мотивациялык аянтча болду. Студенттер окумуштуу устаттардын илимий мурастары менен таанышуу аркылуу өздөрүнүн кесиптик максаттарын аныктап, билимге алууга умтулуу, чыгармачылык издөө жана илимий өсүү багытында жаңы түрткү алышты.
(С) Айсулуу Эгамбердиева – илимий иштер боюнча директордун орун басары


























