2025-жылдын 20-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чараны Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 4-курс студенти Темирбекова Медина менен Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1-курс студенти Адахан Жоробаев алып барышты.

Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – бул жөн гана окуу жай эмес, бул – кыргыз элинин акыл-ой, тарыхын туюнткан улуу мектеп, илим менен маданияттын бешиги, өлкөнүн интеллектуалдык журөгү экенин, ал эми 25-октябрда мамлекеттик деңгээлде белгиленген окуу жайдын 100 жылдык мааракеси – бул бир кылымдык эмгектин, бир кылымдык изденүүнүн, бир кылымдык жеңиштин улуу майрамы экенин белгилеп, биринчи курс студенттерине “Силер – бүгүнкү күндүн кубаты, эртеңки күндүн жалындуу шамы, мамлекеттин өнүгүү багытын аныктаган күчсүңөр. Келечек силерди күтпөйт, аны силер азыр, ушул учурда жаратып жатасыңар. Кыйынчылык – бөгөт эмес, бийиктикке көтөрүүчү тепкич. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутук университетине кош келиңиздер. Ал силердин өмүр жолуңарда ар дайым дем берип, куч берип, канат болуп турсун! Кылымды багынткан билим ордосунун жаңы тарыхын силер менен жазабыз”, – деп кайрылды.

Андан кийин ректор Журналистика жана коммуникация институтунун 1-курс студенти Алмаз Кадырбековго символикалуу сынак китепчесин тапшырып, ал ант берген соң, Юридикалык институттун 4-курс студенттери Ашымов Равшан менен Аманов Марселди, Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факульетинин 4-курсу студенти Султанбек уулу Азизди, Экономиканын жогорку мектебинин 4-курс студенти Казылаева Мадинаны, Физика жана электроника факультетинин 4-курс студенти Ратбеков Ринатты, Кыргыз-кытай институтунун 4-курс студенти Төрөмаматов Жунусту жана Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 4-курс студенти Темирбекова Мединаны КУУнун коомдук, маданий, илимий жана уюштуруучулук иштерине өзгөчө салым кошкондугу үчүн “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы жана Ардак грамота менен сыйлады.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин, чоң программадагы концерт башталып, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын “Алтын үнүнүн” ээси Азиз Батыров, Камбаркан фольклордук ансамблинин солисти Эльмира Тайжиева, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Эльзар Осконбаева, эстрада жылдыздары Алсейит мырза, Клара Оролбекова, Сагыныч Нурланбеков, Азамат Токтокадыров, Бекназар Тилеков, Калыс Жакыпов, Үсөн Данышманов, Алымкул Мамырбаев, Айганыш Абдиева, Нурлан Алдаяров жана Суран Садыбакасов өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Тосуп алуу аземинин жүрүшүндө катышуучулар арасында Кахут оюну да өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий