2025-жылдын 14-октябрында Чет тилдер институтунда педагогикалык окуу программаларын жаңылоо боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргызстандын улуттук консультанттары: Дюшебаева Гульзада Раджаповна (Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин кызматкери), Мамытова Асель Казыбековна (Чет тилдер институтунун англистика кафедрасынын башчысы)  жана Акунова Гульнара Таекеевна (Чет тилдер институтунун ага окутуучусу) тарабынан уюштурулду.

Семинар билим берүү стандарттарын жаңылоо, окуу программаларын өркүндөтүү жана заманбап методикалык талаптарга ылайык модернизациялоо максатын көздөдү. Катышуучулар билим берүү тармагындагы акыркы тенденциялар жана эффективдүү окутуу ыкмалары боюнча баалуу маалымат алышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Окутуучулар жаңы билимдерди жана сунуштарды өздөрүнүн сабактарында колдонууга даяр экендиктерин белгилешти.

Белгилей кетсек, иш-чара British Council тарабынан каржыланган AELLCA программасынын алкагында өткөрүлдү. Семинар билим берүү сапатын жогорулатуу, окутуунун мазмунун жаңылоо жана заманбап педагогикалык практикаларды жайылтууга багытталган маанилүү кадам болду.

Чет тилдер институту мындан ары да окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүн колдоого жана билим берүү процессине жаңычыл ыкмаларды киргизүүгө багытталган иш-чараларды улантат.

(С) Байболотова Ж.Т. – тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий