2025-жылдын 12-14-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор Айман Акынбекова жана кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана маданияты факультетинин студенттерине жана аталган университеттин Таш-Көмүрдөгү илимий-билим берүү комплексинин (институтунун) филологиялык билим берүү багытынын мугалимдерине жана студенттерине конок лекцияларды өтүштү.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында өткөрүлгөн сабактарда Айман Акынбекова “XX кылымга чейин кыргыз эли колдонгон жазуулар” темасында, ал эми Назгуль Турдубаева “Ж.Баласагындын мурасы түрк дүйнөсүндө таанылышы, изилдениши” аттуу лекцияларды окушту.

Улуттук университеттин окутуучуларына конок лекциялар боюнча кызыктуу суроолор берилип, катышкан мугалимдер жана студенттер тарабынан ыраазычылык айтылды жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректораты тарабынан ыраазычылык каттар берилди.

(С) Турдубаева Назгуль – кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, доцент, ф.и.к.

Добавить комментарий