2025-жылдын 14-ноябрында Физика жана электроника факультети Улуттук университеттин 100 жылдыгы жана Кванттык илим жана технологиянын 100 жылдыгына карата «Физика, табигый илимдер жана табигый-илимий билим берүүнүн маселелери» аттуу эл аралык конференция өткөрдү.
Иш-чара Кыргызстан, Казакстан, Германия, Эстония, Япония жана башка өлкөлөрдүн илимпоздорунун, изилдөөчүлөрүнүн, окутуучуларынын, аспиранттарынын жана студенттерин бириктирген ири илимий аянтча болуп калды.
Конференцияны КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу ачып, ректор, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоевдун кайрылуусу менен тааныштырды жана Улуттук университеттин Физика жана электроника факультетинен илимдин академиктери, корреспондент-мүчөлөрү (Жаныбек Жээнбаев, Советбек Токтомышев, Аманбек Жайнаков, Мустафа Кидибаев, Өзгөрүш Шаршекеев, бүгүн дагы арабыздагы Эсенбек Мамбетакунов, Рая Султаналиева ж.б.) даярдалып чыкканын белгиледи. Ал о.э. КУУнун QS рейтингин көтөрүүдө физика факультетинин окумуштууларынын салымы чоң экендигин билдирди.
Физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов жана илимий иштер боюнча декандын орун басары Элизат Бакирова алып барган иш-чаранын пленардык бөлүмүндө катуу дене физикасы, кванттык илим, математикалык моделдештирүү, радиациялык физика жана жаратылыш таануу билим берүүсү багытында төмөндөгү баяндамалар окулду:
- проф. Каныбек Осмоналиев (КУУ) — Кристаллдардагы дефектообразование процесстеринин кванттык теориясы
- доц. Куанышбек Шункеев (Казакстан) — Алкали галогенид кристалдарындагы изоэлектрондук кошундулардын сцинтилляциялык касиеттери
- проф. Эсенбек Мамбетакунов (КР УИА) — Физика мугалимдеринин жаңы муунун даярдоонун көйгөйлөрү
- проф. Талант Рыспаев (Германия) — Караңгы материянын кванттык табияты жана Ааламдын түзүлүшү
- доц. Джумабай Усенканов (КУУ) — Физикалык процесстерди математикалык моделдөө тарыхы жана азыркы абалы
- проф. Александр Лущик (Эстония) — Термоядролук реакторлор үчүн диагностика/оптикалык терезелердин материалдары
- доц. Самат Токтогонов (КУУ) — Энтропиянын өсүү мыйзамынын универсалдуулугу жана кванттык электроника
Баяндамалар кызыгууну жаратып, жигердүү илимий талкуулар менен коштолду.
Түштөн кийин конференциянын иши төрт секцияда уланды:
- Фундаменталдык жана колдонмо физика, кванттык изилдөөлөр
- Математикалык моделдештирүү жана теориялык физика
- Жаңы муундагы мугалимдерди даярдоонун психодидактикалык жана технологиялык маселелери
- Жаратылыш таануу билим берүүдөгү заманбап технологиялар жана методикалар
Секциялык жыйында 80ден ашык баяндама жасалып, ар кандай багыттагы актуалдуу темалар талкууланды.
Конференциянын соңунда мыкты баяндамалар белгиленип, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму 2025-жылды Кванттык илим жана технологиянын эл аралык жылы деп жарыялаган.