2025-жылдын 13-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу Сургут мамлекеттик университетинин жаштар саясаты боюнча проректору Святослав Болотовду кабыл алды.

Жолугушуу конструктивдүү жана ишкердик атмосферада өтүп, тараптар өз университеттеринин ишмердүүлүгү, негизги билим берүү багыттары жана жакынкы жылдарга пландары тууралуу маалымат алышты. Мырзабек Камчыбек уулу менен Святослав Болотов университеттер аралык байланыштарды өнүктүрүү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий потенциалды кеңейтүү, о.э. өлкөлөр ортосундагы достук жана маданий байланышты чыңдоонун маанилүү инструменти экенин белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыктап, талкууланган демилгелерди ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды жасоого даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий