2025-жылдын 13-ноябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын 20-кылымдагы көрүнүктүү тилчи окумуштуулары, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Карбоз Дыйкановдун уул-кызы жана филология илимдеринин доктору, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Абдыкул Жапаровдун уулу менен жолугушту.
Ректор жылуу баарлашууда агартууга, кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон сыймыктуу инсандардын уул-кыздары менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин, Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата демилгеленген «100 жылдыкка -100 кабинет» долбоорунун алкагында ачылган кабинеттерге жеке демилгечи болгондоруна ыраазычылыгын билдирди.
Ректор о.э. быйыл окуу жайда бир топ жаңылануу орун алганын, КУУнун ардактуу мугалимдери Карбоз Дыйканов менен Абдыкул Жапаровдун атында ачылган кабинеттер биринчиден – студенттерге түзүлгөн шарт, экинчиден – заманбап кабинеттерге ким кирбесин, агайлар тууралуу күн сайын маалымат алып тураарын белгилеп өттү.
Өз кезегинде, атанын уулдары Дыйканов Салмоорбек менен Джумабаев Ормон КУУга арналган белектерин тапшырып, мындан аркы ийгиликтерди каалашты.