2023-жылдын 19-20-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүндө болуп өткөн “Котормо жана анын келечеги” аттуу IV Эл аралык симпозиумга “Жусуп Мамайдын “Манас” эпосу жана анын азыркы котормолору” аттуу темада баяндама менен катышып, сертификат алды.
Аталган жыйынга Россия, Казакстан, Туркия, Өзбекстан мамлекеттеринин окумуштуулары катышып, баяндамалар 8 офлайн жана 2 онлайн секцияда жасалды.
(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти