2025-жылдын 12-ноябрь күнү Кыргыз филологиясы факультетинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин фундаменталдык илимдер институтунда аткарылып жаткан “Мамлекеттик тилдин функционалдык стилдеринин проблемалары жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу долбоордун (жетекчиси – доцент А.С.Медетов) алкагында “Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнүн проблемалары” деген темада семинар өткөрүлдү.

Жыйынга факультет деканы Б. Жайлообаев катышып, сөз сүйлөдү.

Семинарда доцент А.С.Медетов “Мамлекеттик тилдин проблемалары”, доцент А.Бешкемпирова “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн проблемалары”, улук окутуучу Самара Жекшен кызы “Нускама даярдоодогу көйгөйлөр”, башкы илимий кызматкер Өзүбек Абдыкалыков “Иш кагаздарындагы стилдик каталар” деген темаларда баяндамалар жасашты.

Семинардын жүрүшүндө иш кагаздарынын проблемалары кеңири талкууланды. 

(С) Самара Жекшен кызы – Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын улук окутуучусу

Добавить комментарий