2023-жылдын 20-октябрында практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бек Иманалиев менен жолугушту.
Тараптар эки мекеменин жетекчилери мурдатан кол койгон кызматташуу келишиминин негизинде Улуттук университеттин студенттеринин өндүрүштүк практикасын «Инфокомдо» өткөрүү жана жумуш орду менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Аталган фонддун имаратында өткөн жолугушууга практика жана карьера борборунун башкы адиси Шерматова Жыпаргүл жана калкты тейлөө борборунун башкы адиси Айнура Темирова катышты.
(С) Саматали кызы Акбермет – практика жана карьера борборунун жетектөөчү адиси